«Кыргызкөмүрдүн» Балыкчыдагы кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

8 июня 2023, 17:40

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Балыкчы филиалында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл пароходствосу" филиалынын станциясынан Бишкек шаарындагы ЖЭБине чейин, ошондой эле Балыкчы шаарынын кампаларында көмүрдү сактоо учурунда темир жол транспорту менен ташууда катуу отундун коромжусун эсептен чыгаруу жолу менен көмүр сатуу фактылары аныкталган.

"Алдын ала аудиттин корутундусуна ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында 6362,1 тоннага жакын, бул жалпысынан 18 млн. 995 миң сомду түзүп “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл пароходство филиалында көмүр тартыштыгы байкалган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуулардын фактылары аныкталган.

Ошондой эле, 2023-жылдын 7-июнунда соттун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылып алынган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, келтирилген зыяндын бардык көлөмүн жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.