«Кыргызнефтегаз» мунай сактоочу идиш сатып алат
"Кыргызнефтегаз" мунайды сактоочу темир идиштерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Тендердин жалпы суммасы 9 миллион 984 миң сомду түзөт.
Техникалык тапшырмага ылайык, 21 резервуар сатылып алынат, анын ичинен:
- 8 - көлөмү 50 куб метр менен;
- 8 - көлөмү 25 куб метр менен;
- 5 - көлөмү 15 куб метр менен.
Талапка ылайык, подрядчик товарды эки айдын ичинде Жалал-Абад облусундагы борбордук кампага жеткирүүгө милдеттүү.