Кыргызнефтегаздын» акцияларынын кирешелүүлүгү 3,4 эсе өстү

22 августа 2023, 11:21

“Кыргызнефтегаз” 14-августтан тарта акционерлерине дивиденддерди төлөй баштады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтындагы маалыматта айтылат.

2022-жылдын аягында компания алган таза пайда акционердик коомдун акциялары боюнча чегерилген дивиденддердин көлөмүнө түздөн-түз таасирин тийгизген. Ошентип, киреше ар бир баалуу кагазга 35,4 сомду түздү.

Эгерде биз чегерүүлөр динамикасын талдай турган болсок, анда төмөнкү цифраларды бөлүп көрсөк болот. 2020-жылы акционерлерге 10,4 сом, 2021-жылы 25,92 сом чегерилген. Муну менен мунай компаниясынын кирешелүүлүгү акыркы үч жыл катары менен өсүүдө. 2022-жылы 2020-жылга карата өсүш 240,4%ды же 3,4 эсени түздү.

"Кыргызнефтегаздын" акцияларынан негизги киреше алуучусу - пакеттин 85,16%га ээ болгон мамлекет, 3,9% менен Социалдык фонд жана 10,94% жеке жана юридикалык жактар.