«Кыргызнефтегаз» 2026-жылга чейин мунай өндүрүүнү 1,4 эсе көбөйтөт

27 марта 2023, 11:19

"Кыргызнефтегаз" ишканасы 2026-жылга карата мунай өндүрүүнү 2023-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге, газ өндүрүүнү 1,6 эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Мындай маалыматтар компания тарабынан 2022-2026-жылдарга өнүктүрүү планында берилген.

Ушул жылдын өнүктүрүү планына ылайык, мунай өндүрүүнүн көлөмү 350 миң тонна (2022-жылга +11,1%), 2024-жылы - 390 миң тоннага чейин, 2025-жылы - 435 миң тонна, 2026-жылы - 500 миң тонна деп белгиленген.

Газ өндүрүү былтыркы жылдын деңгээлинде (25 миллион кубометр) болушу күтүлүүдө. Бирок 2024-жылдан тарта өндүрүштүн байкалаарлык өсүшү 35 миллион кубометрге жана 2026-жылы 40 миллион кубометрге чейин пландалууда.

Каралып жаткан мезгилде компания ошондой эле бургулоону жылына 57 000 линиялык метрге (+50%) жана активдүү скважиналардын санын 835ке (+165 скважинага) чейин көбөйтүүнү пландаштырууда.