«‎Кыргызнефтегаз» ишканасы бургулоо жабдууларын сатып алууга 150 млн сом сарптайт

20 июля 2021, 10:55

"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому бургулоо жабдууларын сатып алууга тендер жарыялады. Өтүнмө мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Тендердин суммасы 150 миллион сомду түзөт. Анын ичине жабдууларды “Кыргызнефтегаз” ААКтын борбордук кампасына жеткирүү, ошондой эле келишимдин аткарылышына кепилдик камтылган.

Кошумчалай кетсек, 16-июлда "Кыргызнефтегаз" ишканасы электр материалдарын, курулуш материалдарын, атайын шаймандардын запастык бөлүктөрүн, өлчөөчү шаймандарды жана унаа дөңгөлөктөрүн сатып алуу боюнча дагы беш тендер жарыялаган. Сунуштардын жалпы суммасы 18 млн 560,1 миң сомду түзөт.