Кыргызпатент менен Казпатент өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту

21 октября 2021, 09:20

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) менен Казакстандын Юстиция министрлигинин "Интеллектуалдык менчиктин улуттук институту" (Казпатент) 20-октябрда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева бул меморандумга кол коюу мекемелердин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизерин баса белгилеп, Бишкектеги биринчи көп функционалдуу мамлекеттик инновациялык борбордун ачылыш аземине Казпатенттин жетекчилигин чакырды.