«Кыргызпатент» 7 млн сомдон ашык гонорар төлөдү

19 июля 2021, 11:10

Ушул жылдын апрель айынан баштап “Кыргызпатент” 2020-жылга автордук сый акыны бөлүштүрүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө “ГИПЕРГРАФ” автоматташтырылган программасы тарабынан 775 авторго, аткаруучуга, автордук укук ээлерине жалпы суммасы 7 миллион 365,7 миң сомдук сый акылар бөлүштүрүлүп, которулган.

Ошол эле учурда айрым авторлордун, чыгармалары телерадио компанияларынын эфиринде колдонулган авторлордун жана аткаруучулардын мураскорлорунун байланыш маалыматтарынын жоктугунан, аларга төлөнүүчү акылар бөлүштүрүлбөй калганы белгиленди.