«Кыргыз почтасы» ишкерлердин Wildberries платформасына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт

23 апреля 2021, 13:30

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Wildberries онлайн платформасына кирүү үчүн ата мекендик бизнести логистикалык жана товарлардын маркировкасы менен камсыз кылат. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Учурда өткөрүлүп берилген жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн штрих-коддорду сыноо жана бекитүү процесси жүрүп жатат. Андан кийин мамлекеттик ишкана бүткүл республиканын окуу борборлорунда Wildberries онлайн платформасы менен өз ара аракеттенүү боюнча тааныштыруу курстарын өткөрөт.

Окуу борборлору Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында мурунтан эле бар экендигин кошумчалайбыз.