Кыргызстан мамлекеттик векселдер боюнча милдеттенмелеринин бир бөлүгүн төлөдү

22 сентября 2022, 10:42

Кыргызстан 16-сентябрдан 19-сентябрга чейин 12 айлык мамлекеттик казына векселдери боюнча 41,1 миллион сом милдеттенмесин төлөдү. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Мамлекеттик баалуу кагаздар 2021-жылдын 16-сентябрында аукционго коюлган. Ал эми эмиссиянын көлөмү 80 миллион сомду түзсө, суроо-талап болгону 41,1 миллион сом болгон. Казыналык облигациялар боюнча орточо алынган кирешелүүлүк жылдык 8,45% деңгээлинде катталды.

Кошумчаласак, 12 айлык мамлекеттик векселдердин линиясы боюнча милдеттенмелердин бир бөлүгүн төлөөнүн натыйжасында алар боюнча Кыргызстандын карызы 733 миллион 306 миң сомго бааланды.