Кыргыз текстиль өнөр жайы Корея базарын өнүктүрө баштады

2 июля 2021, 16:00

Ушул жылдан тарта Кыргызстан Кореяга аялдардын кийимдерин экспорттой баштады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова HESED карго компаниясынын директору Мун Кён Ми менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Мун Кён Ми быйыл Кыргызстандан Түштүк Кореяга аялдардын кийимдери импорттолуп жаткандыгын билдирди. Ал тигүү өндүрүшү боюнча кыргызстандык адистердин квалификациясына оң баа берди. Ошол эле учурда ал кореялык керектөөчүлөрдүн кыргыз продукцияларына кызыгуусун баса белгилеп, Корея рыногуна экспорттун көлөмүн көбөйтүү пландарын айтты.

Маектешүүдө текстиль тармагында жигердүү кызматташууну улантуу макулдашылды.