Кыргызстандык компаниялар Москвадагы азык-түлүк көргөзмөсүнө катышты

13 апреля 2021, 16:30

Кыргызстан Москва шаарында өткөн "Продекспо - 2021" тамак-аш азыктарынын, суусундуктардын жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттын 28-эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат катышты, деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

[жаңылыктар 34042]

Бул жылы көргөзмөгө 38 ар кайсы мамлекеттен 1000ден ашуун компаниялар катышууда. Көргөзмөдө кыргыз компаниялары “Бакалеяда. Дан азыктары. Макароны. Запастар, жыпар жыттуу заттар" деген секцияда сунушталды. 

Көргөзмө ошондой эле жеткирүү келишимдерин түзүү жана бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыш түзүү үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Саамалык 12-апрелден 16-апрелге чейин уланат.