Кыргызстандык мигранттар Казан университетинде билим ала алышат

22 ноября 2021, 14:05

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Казан федералдык университетинин ректору Илшат Гафуров кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Документке ылайык, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле аларды андан ары ишке орноштуруу жаатында кызматташуу уюштурулат.

"Биздин маалымат боюнча Татарстанда 25-30 миңдей кыргызстандык жашайт. Келишим биздин кызматташтыгыбызды кеңейтет. Татарстанда болгон кыргыздар Россия Федерациясынын ушул предметине керектуу кесиптерди ала алышат. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин биздин мигранттар орус тили, тарыхы жана орус мыйзамдарынын негиздери боюнча экзамен тапшыруунун зарылдыгы жок болсо да, эгер кааласа, билимин жогорулата алышат", — деди Кудайберген Базарбаев.

Илшат Гафуров КФУ орус тилин чет тили катары окутууга уруксат берилген 14 федералдык университеттин бири экенин белгиледи.