Кыргызстан бал экспорттоону 43% га көбөйттү

2 августа 2021, 11:30

Ушул жылдын январь-май айларында бал экспорттоонун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43% га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Маалыматтарга ылайык, ушул жылдын январь-май айларында Кыргызстан жалпысынан 76 миллион сомго 221 тонна бал экспорттосо, өткөн жылдын ушул мезгилине карата жалпы суммасы 31,5 миллион сомго 125,9 тонна экспорттолгон.

Кыргызстан балдын көбүн Сауд Арабиясына (63,3 тонна) жана Бириккен Араб Эмираттарына (33,4 тонна) экспорттойт. Бир аз үлүштү Кувейт (29,2 тонна), Жапония (20,8 тонна), Испания (19,1 тонна), Франция (17,6 тонна) жана АКШ (16,1 тонна) түзөт.