Кыргыз балы Жапонияда популярдуу болууда

25 августа 2021, 09:20

Жапониялык "Kato Bihoen" компаниясы кыргыз балын сата баштады. Бул тууралуу компаниянын директору Като Дзютаро билдирди, деп маалымдайт Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Токионун Асакуса районундагы "Kato Bihoen" компаниясынын дүкөнү менен таанышты.

Като Жутаро өз кезегинде элчиге компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Арстанбаев кыргыз балынын экспортунун өсүү тенденциясын баса белгиледи. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ушул жылдын биринчи жарымында эле Жапонияга бал экспорттоонун көлөмү 25,2 тоннаны түзгөн.

Ата мекендик продукция кымбат болгонуна карабай, жапондордун арасында популярдуулукка ээ болуп жатканы маалым болду.