Кыргыз сому Казакстан менен болгон соодалашууда өз позициясын бекемдеди

28 января 2021, 15:00

Кыргыз сому Казакстан менен бирге соодада өз позициясын бекемдөөдө. Эл аралык соодада 1 пайыз болуп келген сомдун үлүшү 2 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун макроэкономикалык анализ жана статистика бөлүмүнүн жетекчиси Наталья Лаврова билдирди.

 

 

Анын айтымында, сомдун мындан аркы бекемделүүсү сооданын өнүгүүсүнө жараша болот. Андан сырткары, улуттук валютанын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өз ара соодадагы үлүшүн бекемдөө үчүн макроэкономикалык стабилдүүлүк керек.

 

«Кыргызстан жана Армения улуттук валютанын үлүшүн кеңетйүүдө жакшы ийгиликтерге жетишишти. Кыргызстан менен Орусия ортосундагы соода маселен, башка валюта менен жупташкан учурда ийгиликтүү болот деп айтууга болбойт. Улуттук валютанын үлүшүн кеңейтүү боюнча маселелер бар. Долларизацияны төмөндөтүүгө көңүл буруу керек», — деп түшүндүрдү ал.

 

Лаврова ЕАЭБ ичиндеги соодада башкы валюта рубль болорун эскертип кетти. 2019-жылы өз ара соодалашуунун 72% рубль менен жүргүзүлгөн. Ал эми теңге, Россия менен болгон соодалашуунун 8% түзгөн.