Кыргыз-кытай чек арасы 5-майга чейин убактылуу жабык болот

29 апреля 2021, 15:05

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндөгү "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрүү пункттары 1-майдан 4-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Кытай тарап Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу кабыл алган.

Өткөрмө пункттар 5-майдан тарта Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына товар ташууну гана камсыз кылган алгоритмге ылайык ишин жандандырат.