«Кыргыз-Швейцариялык Банк» түркиялык банктын өнөктөшү болду

25 ноября 2022, 11:20

“Кыргыз-Швейцария Банкы” түрк өнөктөшү Nurol Bank менен корреспонденттик өнөктөш болду. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.

Nurol Yatırım Bankası A.Ş. 1999-жылдан бери инвестициялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Түркиянын эң ири банктарынын бири. Банктын корпоративдик банкинг жана инвестициялык банкинг боюнча эл аралык аренада маанилүү орду бар. 

“Түрк Nurol Yatırım Bankası A.Ş. корреспонденттик эсептерди ачуу - бул төрт валютада АКШ долларында, евродо, түрк лирасында жана дирхамында минималдуу чыгымдар менен экспорттук-импорттук операцияларды ыкчам колдоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүк”, - деп белгилейт “Кыргыз-Швейцария Банкы”.