Кыргыз-түрк бизнес форумуна Түркиядан 90дон ашык компания катышты

10 сентября 2021, 17:20

Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму болду. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди. 

Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250 ата мекендик жана 90дон ашуун түрк компания өкүлдөрү энергетика, айыл чарба тармагындагы, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Ошондой эле, эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө аталган форумдун маанилүүлүгү белгиленди.