Чүй облусунда кыргыз-түрк өнөр жай аймагын куруу пландалууда

12 июня 2021, 09:30

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына жасаган расмий иш сапарынын жыйынты тууралуу маалымат берип жатып түрк ишкерлер коомчулугунун кеңири чөйрөсү Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында беш келишимге кол коюлган. Анын негизинде, бир жерде 600дөн ашуун компания чогулган түркиялык "OSTIM" өнөр жай аймагынын моделине окшош тутумду Кыргызстанда жайылтуу жана ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Заводдор менен фабрикалар бир жерде топтолгон жер өндүрүүчүлөр жана экспортерлор үчүн ыңгайлуу.

"Чүй облусунун аймагында кыргыз-түрк өнөр жай аймагын куруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, биздин компаниялар дагы беш келишимге кол коюшту. Алар өз кезегинде өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоорлорго инвестиция салышат. Долбоорлор менен алмашуу болду, алар бизге өз долбоорлорун сунушташты, биз аларга өзүбүздүкүн бердик", - деди Алмамбет Шыкмаматов.

Министр кошумчалагандай, жакын арада түрк компанияларынын эксперттер тобу Бишкекке келип, өлкөнүн инвестициялык потенциалын иликтешет.