Кыргыз бажысы ушул жылдын биринчи кварталынын планын аткара алган жок

13 апреля 2021, 17:30

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Бажы кызматы тарабынан 8,4 миллиард сом чогултулуп, жыйымдардын көлөмү 2,6 миллиард сомго көбөйгөнүнө карабастан, план 87% га аткарылган деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

[жаңылыктар 34057]

Коронавирус пандемиясы өлкөлөр ортосундагы соодага терс таасирин тийгизип жаткандыгы белгиленди. Бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнө импорттун көлөмүнүн төмөндөшү таасир эткен, бирок ага карабастан, ушул жылдын биринчи кварталында 2,6 миллиард сомго көп чогултуу мүмкүн болду.

Кошумчалай кетсек, төлөмдөрдүн көпчүлүгү март айында болуп 3 миллиард 664 миллион сом гана түшкөн.