Кыргыз төө бурчагы Россия, Туркия менен Европага экспорттолот

8 июля 2019, 10:46

Кыргызстандын Түркия, Россия  аркылуу Европага тарап жаткан төө бурчагын экспортто көбөйөт. Бул тууралуу  Таластын Бакай-Ата районундагы төө  бурчак иштеткен ишканага Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев барганда айтылды. 

Ишкананын кубаттуулугу күнүгө 40-45 тонна төө бурчакты  иштете алат.  Анда төө бурчакты тазалоо, иргеп  жана таңгактоо иштери жасалат. 

Абылгазиев аймактарда экспортторго багытталган ишканаларга өзгөчө  көңүл бурулары айтылды. 

Өндүрүшчүлөр жакын арада төо бурчакты кайра иштетүү үчун атайын имарат курулуп жатканын билдиришти. 

Өкмөт башчы Бакай-Ат а районунда жайгашкан  40 гектар жердеги сыноо аянтында болуп, Туркиядан  алынып келинеген жогорку сортогу  Hirvana төө бурчагынын аянтында болду. Анда дыйкандарга комплекстүү иш алып барып, сапатка көңүл буруу тууралуу  айтылды. 

«Биз ушундай жол менен дыйкандардын көп киреше табуусуна сеьепчи болобуз.буд экспорттук поенциалды жогорулатса, ал аймакты өнүктүрүүгө  салымын кошмокчу », –деп билдирди премьер.