Кыргызстанда ИДПнын өсүүсү бир жыл ичинде 4,3% жетет деген божомол бар

11 ноября 2019, 17:32

Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 2019-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ИДПсы 4,3% жетет деген божомолун билдирүүдө. 2020-жылга бул көрсөткүч 3,7% түзүшү мүмкүн. 

Орусияда ИДПнын өсүүсү 2019-жылы 1,1%, 2020-жылы1,7%  көбөйөөрү күтүлүүдө. Эң көп өсүү Тажикстанда 7% байкалат. 

 Орто Азияда 2019-жылдын жыйынтыгы менен ИДПнын өсүүсү  орточо эсеп менен 4,9% түзөт.