Кыргызстан алты өлкөдөн балмуздак импорттойт

7 ноября 2023, 09:30

Быйыл январь-август айларында Кыргызстанга балмуздак алты мамлекеттен жеткирилген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин баяндамасында айтылат. 

Жалпысынан бул мезгил аралыгында 369 млн 38,4 миң сомго 1 миң 635,8 тонна балмуздак алынып келинген. 

Эң көп балмуздак Казакстандан (288 млн 201,2 миң сомго 1 миң 270 тонна) келген. Орусиядан 44 млн 224,5 миң сомго 189 тонна, Өзбекстандан 6 млн 910 миң сомго 99,3 тонна, Түркиядан 38,2 тонна 22 млн 56,4 миң сомго, Беларусиядан 32,5 тонна 3 млн 763,9 миң сомго жана Литвадан  3 млн 882,4 миң сомго 6,8 тонна балмуздак импорттолгон. 

Ошентип, биздин эсептөөлөр боюнча эң кымбат балмуздак Түркия менен Литвадан алынып келинет, анын килограммы 577,3 сомдон жана 570,9 сомго бааланат. Орусиядан келген балмуздактын килограммы 233,9 сом, Казакстандыкы 226,9 сом, Беларустуку 115,8 сом жана Өзбекстандыкы 69,5 сомдон сатылууда.