Кыргызстанда алтын иштетүүгө 490 лицензия берилген

25 февраля 2020, 15:30

Бүгүнкү күндө алтынга 490 лицензия берилген. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда КР өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары Карыбек Ибраев ЖК жыйынында билдирди. 

Ибраевдин айтымында,  490 лицензиянын ичинен 98 чалгындоого, калгандары изилдөөгө, иштеп чыгууга берилген.

«Солтон-Сарыда 8 компания алтын казып жатат. Андан сырткары Макмалда дагы алтын казуу иштери жүргүзүлүүдө», —  деп кошумчалады Ибраев.