Кыргызстан Америкага малдын терисин экспорттоодо

11 апреля 2024, 12:00

Кыргызстан, Америка, Түркия, Канадага малдын терисин экспортоодо. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Новопавловка айылындагы “Бархан дог чьюс” заводу кара малдын (жылкы, уйдун) жана майда малдардын (эчки, кой) терисин чет өлкөгө сатууда.

"Аталган завод 2018-жылы түзүлүп, 2021-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн продукциясын Америка, Канада, Түркияга экспорттоп келет. Алсак, 2021-жылы Америкага 35 тонна, Канадага 15 тонна, 2022-жылы Америкага 60 тонна, 2023-жылы Америкага 50 тонна, 2024-жылдын биринчи кварталында Түркияга 20 тонна экспорт кылган", - деп айтылат маалыматта. 

Чүй облусунун аймагында терини кайра иштетүүчү дагы бир завод ишке кирип жатат.