Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы көбөйдү

25 апреля 2024, 09:40

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 4 эсеге – 25 миллиондон 100 миллион долларга чейин көбөйтүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон расмий иш сапарында белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, азербайжандык ишкерлерден арыздар көп түшкөн. Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 40тан ашык арыз түшкөн. 

“Ошондуктан 100 млн доллар чек эмес деп ойлойм. Биз тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө биргелешкен инвестициялык фонд долбоорлорун ишке ашыруу механизмин тез арада ишке киргизүү боюнча биргелешкен тапшырмаларды бердик”, - деп белгиледи Илхам Алиев.