Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп салып берет

25 апреля 2024, 17:40

25-апрелде президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына капсула салды. 
 
Мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулат.  

Эки кабаттуу мектеп 22 окуу кабинетине ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык кабинеттери болот. Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.

Маалыматта мектептин курулушуна канча каражат кетери жазылган эмес.