Кыргызстан белорусиялык жүк ташуучуларга эрежелерди жөнөкөйлөттү

21 февраля 2024, 14:52

Кыргызстан Белорусиядан келген жүк ташуучулар үчүн жүк ташуу эрежелерин жөнөкөйлөттү. Бул тууралуу Белорусиянын Транспорт министрлиги билдирди. 

Кыргызстан менен Беларусь өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль ташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол күчүнө кирди.

Эми Беларустун жүк ташуучулары Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө (үчүнчү өлкөлөргө) жүк ташууга жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз түрдө ташууга атайын уруксат алышпайт.