Кыргызстан бир айда 13 миңден ашык баш мал экспорттоду

6 февраля 2024, 11:10

Кыргызстан январь айында 13 миңден ашык баш мал экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • бодо мал – 7267 баш;
  • кой-эчки – 5631 баш;
  • жылкы –459 баш.

Ал эми бул аралыкта өлкөгө 1140 баш мал импорттолгон. Анын ичинен:

  • бодо мал – 754 баш;
  • жылкы – 386 баш.