Кыргызстан боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда
Кыргызстан боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, “Эл аман” мамлекеттик дарыканаларында препараттардын бирдиктүү баа базасы түзүлөт.
Белгиленгендей, сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат.