Кыргызстан Орусияга лифт экспорттойт

4 августа 2022, 13:24

Sky Industrial Group холдинги орусиялык “МТК” компаниясы менен Россияга лифт продукциясын жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын сайтында маалымдалды.

Мекеменин басма сөз кызматы “Акчабарга” түшүндүргөндөй, келишимге ылайык, Sky Industrial Group холдингине кирген Sky Elevators ишканасы чыгарган жабдыктарды жеткирүү жакынкы арада башталат. “МТК” компаниясы Кыргызстанда өндүрүлгөн лифттердин Орусиядагы расмий дистрибьютору болуп калат.

Белгилеп кетсек, Sky Elevators жүргүнчү, жүк, курулуш, оорукана, панорама, кичи жана чоң жүк көтөрүү үчүн лифттерди чыгарат.