Кыргызстан Азербайжанга топоз жеткирет

11 октября 2022, 15:06

Бүгүн Кыргызстандан Азербайжанга топоз экспорттоо боюнча келишимге кол коюлат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

“Апрель айындагы иш сапардын жыйынтыгы боюнча топоздорду экспорттоону жөнгө салууну макулдаштык. Ушул айдын 15-октябрында жүз башты жөнөтүү пландалууда”, - деди Айыл чарба министри.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Айыл чарба министрлиги менен Азербайжандын ортосунда карантиндик өсүмдүктөр чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча келишимге кол коюу пландалууда.

“Биз багбанчылык тармагында кызматташып келебиз. Кыргызстанга вирусу жок жемиш бактарын (өрүк, алма, гилас) жеткирүү боюнча эки өлкөнүн жеткирүүчүлөрү менен багбандарынын ортосунда келишимдер түзүлдү”, - деди Жаныбеков.