Кыргызстан Кувейт менен тыгыз кызматташат

7 марта 2023, 11:21

Каржы министри Алмаз Бакетаев Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 3-жыйынына катышуу үчүн Кувейтке учуп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, сапар кыргыз өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кол коюлган келишимдин алкагында уюштурулду.

Иш-чарада экономика, соода жана инвестициялык кызматташуу, халал индустриясын стандартташтыруу, ошондой эле туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланат.