Кыргызстан быйыл жол тармагына 14,5 млрд сом бөлөт
Быйыл жол тармагын өнүктүрүү максатында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен 14,5 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- учурдагы бюджеттен - 2,3 млрд сом;
- мамлекеттик инвестициялардан – 12,1 млрд кетет.
Белгилей кетсек, жол тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн көбөйтүү үчүн 2022-жылдын 30-майында “Жол фонду жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзам ушул жылдын 1-январында күчүнө кирген. 2023-жылы Жол фондунан түшкөн каражат болжол менен 3,1 миллиард сомду түзөт. Ошондой эле, азыркы бюджеттен Жол фондуна 2 млрд бөлүү пландалууда.