Кыргызстан чет өлкөгө 183 тонна бал экспорттоду

2 октября 2023, 17:13

Кыргызстандын бал экспорту жыл ичинде 46,6%га өстү. 2023-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандан 63,3 млн сомго 183,4 тонна бал экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат. 

Эң көп бал Кытайга (77,1 тонна 17,9 млн сомго), АКШга (21,5 тонна 11,3 млн сомго), Бириккен Араб Эмираттарына (19,2 тонна 4,85 млн сомго), Кувейтке (10,27 млн сомго 17 тонна) жана Сауд Арабиясына (2,94 млн сомго 16,8 тонна) экспорттолгон. 

Ошондой эле бал Жапонияга (8 млн 409,1 миң сомго 9,8 тонна), Түштүк Кореяга (2 млн 942,5 миң сомго 6,8 тонна), Катарга (2 млн 311,2 миң сомго 6,4 тонна) экспорттолгон. 

Мындан тышкары, Азербайжан, Бахрейн, Казакстан, Малайзия, Орусия жана Францияга азыноолак бал жеткирилген.