Кыргызстан «Эксимбанкка» дээрлик 1.7 млрд $ карыз

13 января 2020, 10:00

Кыргызстандын мамкарызынын жалпы суммасы 4.5 млрд доллар, анын дээрлик 3.7 млрд доллар суммасы мамлекеттик  тышкы карызды түзөт. Анын ичинен 1 млрд  712 млн доллар Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына карыз. Бул маалыматты каржы министрлиги билдирет. 

Экинчи орунда Кыргызстан дүйнөлүк банкка - 649 млн $, Азия Өнүктүрүү банкына - 563 млн $ карыз. Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине 239 млн $ төлөөсү керек. 

Андан сырткары, Эл аралык валюталык фондуна болгон карыз 147 млн $ көбөйгөн. Турцияга 93 млн $ жана Ислам өнүктүрүү банкына - 91.4 млн $ карыз.