ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана жумушсуздук өстү

8 декабря 2021, 09:01

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны октябрдын аягында 1 миллион 168 миң адамды же жумушчу күчүнүн 1,3 пайызын түздү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. 

2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 69,6 пайызга же 2,7 миллион адамга азайган. Жумушсуздуктун деңгээлинин төмөндөшү биримдиктин дээрлик бардык өлкөлөрүндө катталган. Бирок эң көп Орусияда төмөндөө болгон, анда жумушсуздардын саны 2,6 миллион адамга кыскарган. 

Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен жалгыз Кыргызстанда гана жумушсуздуктун саны өскөн (2020-жылга карата + 0,63 пайыз).