Кыргызстан ЕАЭБде жүк жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөн жалгыз өлкө

22 марта 2023, 09:10

Ушул жылдын январь айында Евразия экономикалык биримдигинде транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу 2022-жылдын ушул айына салыштырмалуу 2,9%га азайган. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилди.

Төмөндөө Кыргызстанды кошпогондо, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө жүк жүгүртүүнүн кыскарышына байланыштуу. Жүк ташуудагы эң чоң төмөндөө Беларуста байкалган, бул көрсөткүч дароо 33% га ылдыйлаган. Башка мамлекеттерде да көрсөткүчтүн орточо 3,2%га төмөндөшү катталган.

Ошону менен бирге Кыргызстанда транспорттун бардык түрлөрү боюнча жүк жүгүртүү 3,6%га өскөндүгү белгиленди. Мында өсүш экинчи жыл катары менен катталып, 2022-жылдын январында 2021-жылдын январына карата 6,7%ды түзгөн.