Кыргызстан 500 млн сомдон ашык каражатка бал экспорттойт

22 января 2024, 13:06

Ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна чыгаруу максатында жалпы суммасы 500 млн сомдон ашык табигый балды экспорттоо боюнча келишимдерге кол коюлган, бул кыргыз балынын жогорку сапатын жана дүйнөлүк рынокто жагымдуулугун тастыктайт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Ошондой эле, 20 миң тонна балык жана балык продуктыларын экспорттоону жол-жоболоштуруу менен 100 миң тонна эт экспорттоо боюнча келишимдер түзүлгөн.