Кыргызстан германиялык ишкерлерге бизнес-тур уюштурат

29 марта 2024, 17:26

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германия–Евразия экономикалык биримдигинин аткаруучу директору Ханно Штёкер жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар 2023-жылы эки мамлекет ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты активдешүүсү, ошондой эле 2024-жылы пландаштырылган экономикалык иш-чаралар тууралуу маалымат берди. 

Ханю Штёкер белгилегендей, немис компаниялары Кыргызстанды инвестиция үчүн ачык өлкө катары эсептешет. Германия-Евразия экономикалык биримдиги кыргыз компаниялары менен алака түзүүгө умтулат жана учурда Кыргызстанга бизнес-тур уюштурууну караштырууда.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты түзүү максатында элчилик менен Экономикалык биримдиктин ортосундагы активдүү байланышты улантуу боюнча макулдашылды.