Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашат

27 мая 2021, 15:00

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов эки тараптуу жолугушуу өткөрүшөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин Минск шаарында өтүүчү кезектеги жыйынынын алкагында болот.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоого ниеттенүүдө.

Өз кезегинде, КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Делегациялардын башчыларын Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко кабыл алат.