Кыргызстан менен Азербайжан эки тараптуу сегиз документке кол коюшту

12 октября 2022, 09:57

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров менен Илхам Алиев Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары, өлкөлөр ортосунда төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу;
  • Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстан менен Азербайжандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы;
  • Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протокол;
  • Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Бишкек шаары менен Баку шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.