Кыргызстан менен Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүшөт

11 октября 2022, 09:45

Кыргызстан жана Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишим түзүүнү пландоодо. Мындай демилге президент Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында талкууланат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Фонддун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзөт деп күтүлүүдө. Уюмдун түзүмү жана схемасы Өзбекстан жана Венгрия менен түзүлгөн фонддордун ишине окшош болот.

“Бардык акча каражатын Азербайжан тарап каржылайт. Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат”,-деп билдирди Экономика министрлигинен.  

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 11-12 октябрда Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келет. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт.