Кыргызстан менен ЕРӨБ 17,87 млн еврого жаңы келишимге кол коюшту

11 июля 2022, 15:40

Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Ош облусундагы ирригацияны жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу боюнча жаңы келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары жана “жашыл” экономика жаатындагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жыйынтыгында Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн 17 миллион 870 миң евро суммасындагы жаңы макулдашууга кол коюлду. Бул долбоорго ылайык, ирригациялык система модернизацияланып, Ош облусунун Араван районунун фермердик жана дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо жакшырат.

Келишимге кыргыз тараптан – финансы министри Алмаз Бакетаев, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тараптан аймактык директор Жужанна Харгитаи кол койду.