Кыргызстан менен Иран жаңы темир жол коридорун ачуу маселесин талкуулашты

28 октября 2021, 09:37

 

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев 27-октябрда Ирандын элчиси Саид Харразини кабыл алды. Жолугушууда тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелеринин абалын талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде Бишкекте ирандык соода үйүн ачуу, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан жаңы темир жол коридорун ачуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Казакбаев ирандык компанияларды Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык-Көл облусунун туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алдында 2022-жылы Кыргызстан менен Иранда бир катар биргелешкен юбилейлик иш-чараларды, анын ичинде эки өлкөнүн маданият кызматкерлери, илимпоздору, спорт жана ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен бизнес-форумдарды өткөрүүнү сунуштады.