Кыргызстан менен Казакстан индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун талкуулашты

17 декабря 2021, 10:56

Кечээ, 16-декабрда Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен жолугушту.

Казакстандын соода жана интеграция министринин иш сапары Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ушул жылдын 7-8-декабрында Казакстанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында болду.

Белгиленгендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар индустриалдык соода-логистикалык борборун куруу долбоорун талкуулап, курулушу пландалып жаткан жер менен таанышты.