Кыргызстан менен Казакстан биргелешип кант өндүрүүчү завод ачышы мүмкүн

8 декабря 2021, 12:58

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Өкмөт башчылары ар кыл тармактагы өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин талкуулады.

“Казак тарап кант өндүрүү менен алектенген кыргыз ишкерлери менен тажрыйба алмашууга кызыкчылыгын билдирди, ошондой эле кант кызылчасын жана кант сырьёсун өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады”,- деп айтылат маалыматта.