Кыргызстан менен Казакстан жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жол каттамын жандантат

17 февраля 2022, 09:19

21-февралдан тартып Кыргызстан Казакстандын темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырыларын министрлер кабинетинен билдиришти.

Бул 15-16-февралда өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйынынын алкагында негизги макулдашуулардын бири болуп саналат.

“21-февралдан тартып Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тарап макул болду”,- деп такташты министрлер кабинетинен.

Ошону менен бирге КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги казак тарап менен жетишилген макулдашууларды эске алуу менен Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандырууга россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантат.

“Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу россия тараптын макулдугун алгандан кийин гана мүмкүн болот”,- деп белгилейт Транспорт министрлиги.

Кошумчалай кетсек, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун теңтөрагалык кылышты.