Кытайга каттаган 1 миң 500 айдоочу визага муктаж

7 февраля 2023, 15:41

Кытайга каттаган кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүүнү көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

Бул боюнча Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев менен коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда талкууланды.

Тараптар муну менен мамлекеттер ортосундагы сооданы жогорулатуу максатын көздөп жатат.

Белгиленгендей, учурда Кыргызстандын 1 миң 500дөй айдоочусу визага муктаж.