Кыргызстан менен Словения экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

23 сентября 2022, 11:38

Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словениянын Тышкы иштер министри Таня Файон менен жолугушту. Анда Министрлер кабинети менен Словения өкмөтүнүн ортосунда экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Келишим эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен кыргыз-словения ишканаларын түзүүгө, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-словения өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин баштоого жагымдуу шарттарды түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгилешти.